Өзүнөн 20 жаш улуу адам менен ажырашып, экинчи күйөөсүнө кор болгон аял…(болгон окуя)

48 жаштагы Айнура (аты өзгөртүлдү) эки ирет ала качуунун курмандыгы болгон. Ал экинчи жолу Нарын шаарындагы жигитке турмушка чыгып, аны менен 16 жыл жашап ажырашууга мажбур болду. 7 баласы бар баатыр эне мыйзамдуу түрдө жолдошу менен ажырашканына 4 жылдан ашты. Күйөөсү менен эч кандай катышпайт, алимент алуудан да баш тарткан. Себеби өзүнүн жана балдарынын көңүлү катуу калгандыгын айтат. Убагында жолдошу менен жашап жүргөндө көрбөгөн кордукту көрүп, ачка сыртта калган күндөрү көп болгон. Ал башынан өткөргөн окуяларын аймактык кабарчыга айтып берип, кыз-келиндер мындай тагдырды баштарынан өткөрбөсө дейт. Учурда ал жетишсиз жашоодо жашаса дагы тынчтыкта өмүр сүрүп жаткандыгына сыймыктанат.

Өзүмдөн 20 жашка улуу адам ала качып кетип…

— Бир үйдүн жалгыз кызымын. Баары мен каалагандай болуп, балалыгым жакшы өттү. Бойго жеттим, 18 жашымда мен көрбөгөн, билбеген жерге эле тааныбаган адам ала качып кетти. Тагдыр экен деген ой менен отуруп калдым. Ал адам менден 20 жаш улуу эле. Бирок бул адамга моюн сунуп жашай алган жокмун. 7 айлык боюмда бар кезде ажырашып кеттим. Ошол убакта аябай чөктүм, өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезип жүрдүм. Бирок кызым төрөлгөндө жашоого үмүт жандырдым. Мен ушул кызым үчүн жашашым керек деп калдым. Ата-энем кызымды да, мени дагы багып жүрүштү.

Экинчи жолу менден 13 жаш улуу адам ала качып кетти, бирок жашоом оңолгон жок

— Кайрадан эле ала качууга туш болуп калдым. Көрбөгөн, билбеген адам ала качты. Бирок ал жерден кетүү мага оор болуп, жакшы күндөрдү ушул жерден өткөрөйүн деп, өзүмдү-өзүм мажбурлап жашап жүрдүм. Кызым ата-энемдин колунда эле. Башында кайын журтум, күйөөм «балаңды алып келебиз» дешчү. Аз убакыт өткөндөн кийин баланы алып келгенге чекит коюп коюшту. Ал күйөөм менден 13 жаш улуу болчу. Атам каза болуп калды. Ошол кезде кайын журтумдун мага болгон көз карашы түп тамыры менен өзгөрө баштады. Акча таппайсыңар, өзүңөрчө жашагыла дешти. Ошол эле айылга бөлүндүк, жолдошум арак ичип, жашоо оор боло баштады. Ачка калган күндөр болду. Чыдап жүрдүм, экинчи балам төрөлгөндө бирөөнүн малын багып иштедик. Жашообуз өзгөрүлө баштады. Курсагыбыз тоюп, кийимибиз бүтөлүп калгандай болду. Бирок жолдошумдун мага болгон мамилеси өзгөрүп, «даяр тамакты жеп жатасың» деп кирди.

Жетишсиз жашоодо жашасам дагы тынч жашаганыма сыймыктанам

— Бешинчи балабыз төрөлгөндө ичкилик ичип, колу тийип ура баштады. Мен баары бир балдарымдын атасы деп эле чыдап жүрдүм. Кээ бир күндөрү келип сабап, эч ким жашабаган ээн тамдарга барып түнөгөн күндөр болду. Кечинде келип чыр чыгарат. Төрөп келгенде «муруну, көзү башкача» деп ар кимдерге окшоштуруп, жаман сөздөрүн айткан күндөрү болгон. Мал бактырган адамга жабыштырчу. Алтынчы баламды төрөгөндө чыр чыгарып, бетимди жара чапты. Ошол күндөрдүн биринде төртүнчү эркек балам чарчап калды. Айла кетип ажырашууга чекит койдум. Бойго жеткен балдарым «мейли ажырашсаңыз, биздин деле көңүлүбүз калды, бөлөк эле жашайлычы, кетип калалычы» дешти. Ошондо жетинчи баламды төрөгөм. Ал балам 1,5 жашка чыкканда балдарымды таштап коюп, ижарага батир таптым. Андан кийин үйгө келип, тамак жасап жатсам жолдошум келип, тамагымды төгүп, картошка арчып жатсам мүшөктөгү картошкалар, идиш-аяктар менен башка-көзгө койгулап сабады. Ал мени ургандан кийин эшикке чыгып кетти. Балдарымдын кийимдерин, бир аз идиш-аяк, 3 жууркан алып такси жалдап кетип калдык. Бир дагы баламды таштаган жокмун. Мейли ачка отурсам дагы ушул балдарым менен күн көрөрмүн деп качып кеттим. Учурда батирде жашайм. Жетишсиз жашоодо жашасам дагы тынч жашаганыма сыймыктанам. Күндүз кечке иштеп чарчасам дагы кечинде балдарымды жыттап, жакшы жашоодо жашап жаткандай болом.

Балдарыма керектүү буюмдарды алып бере албай калган убактарда ызаа болом

— Кыз-келиндерге айтарым, эч качан эркектин көзүн карабагыла. Азыркы эркектердин арасында аялдын кадыр-баркын билип, бага тургандар бар. Баары жаман дебейм. Аялдын кадырына жетпеген эркектерден эрте эле кол үзүп, таштап коюу керек. Мындай убактарда аял эч качан жеңил ойлуу болбой, жокко чөкпөй, өзүн көтөрүп алып жүрүү керек экен. Мени турмуш тарбиялап, чыйралтты. Баары жаңы болсун деп ойлодум. Балдарымды ачка калтырбоого аракет кылам. Бирок, балдарыма керектүү буюмдарды алып бере албай калган убактарда ызаа болом. Учурда Нарында нан бышыруучу цехте иштеп жатам.

www.turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу