Өзүнөн улуу мырзаларга турмушка чыккан ырчылар


Өзүнөн улуу мырзаларга турмушка чыккан ырчылар

Элибизде өзүнөн улуу адамга турмушка чыккандарды  жактыра беришпейт. Айрымдар аларга ачык эле бул сүйүү эмес кызыкчылык деп сындашат. А бирок  жаш жөн гана цифра деген кепти тастыктаган адамдар да аз эмес. Сүйүү жашка карабайт. Алдыда талантуу, сулуу, ийгиликтүү ырчылардын бир топ жашка улуу  болгон өмүрлүк жолдошторун билип алыңыз.

Асан Мансуров Самара Каримова

Жаш айырма: 23 жаш

Булбул үндүү ырчы Самара Каримова 2011 жылы Ош драма театрынын мүдүрү Асан Мансуровко турмушка чыккан. Эки жаштын оросунда 23 жыл айырма болсо дагы, Самара айым ар дайым жолдошунун жанында бактылуу экенин айтып келет. Бүгүн алар 3 баланы тарбиялап жаткан маалы. Кошумчалай кетсек жолдошу ырчынын чыгармачылыгын колдоп, өйдөдө-өбөк ылдыйда-жөлөк болуп келээри баарына маалым.

 

Кубанчбек Жумалиев Роза Аманова

Жаш айырма: 17 жаш

Арген үндүү фольклор ырчы Роза Аманова менен экс премьер министр Кубанычбек Жумалиевдин баш кошконуна быйыл 17 жылдын жүзү болот. Роза айымдын айтымында анын жолдошу ага мугалим, устат, дос катары жашоосунда орду бар. Ырчы айым жеке  концертин сейрек өткөрүп келсе да, жогорку деңгээлде өтөөрү белгилүү. Бул жерден да анын жолдошу колдоп коштоп тураарын байкасак болот. Азыркы күнү алар балдарынын сүйүктүү ата энеси, жана Роза айым жолдошунун телекомпаниясынын жетекчиси.

 

 

Гуланда Айбек Карымов

Жаш айырма:  15 жаш

15 жаш айырма Айбек Карымов менен Гуланданын ортосунда тоскоолдук жараткан жок. Айбек мырза үй бүлөлүү болгонуна карабай ага турмушка чыкканы , Гуланданын чыныгы махабатын даңазалап турат.  Ошентип эки өнөрлүүлөр  2009 жылдан бери түтүн булатып, чогу дует ырдап, клиптерди тартып эл кызамтында. Бүгүнкү күнү түгөйлөр уул кызды  тарбиялап келишет. Айта кетсек улуу кызы Раяна балетке барып, сахна менен тааныша баштады.

 

Урмат Бекболиев Анжелика

Жаш айырма: 14 жаш

Сахна ажары Анжелика мектепти аяктаар замат турмуш жолуна аттанды. Анын өмүрлүк тандоосу бизнесмен Урмат Бекболиев болду. Быйыл алардын түтүн булатканына 10 жылдын жүзү болуп,  3 ширин кызды тарбиялап келишет. Бул күнгө чейин алар тууралуу бир топ сын пикирлер айтылса да, алар сыноолорду жеңип махабатын бүтүн элге даңазалап келишет. Айта кетсек ырчынын жолдошу аны эч жерден чектебейт колдойт жана сыймыктанат.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу