Өзүмө ишене албайм…

Мен адамдар менен бат тил табышып сүйлөшүп кетем, бирок мамилем көпкө сакталбайт. Мындан сырткары жумушту жүз пайызга мыкты кылдым деген күндө дагы, кемчиликтери чыгат. Башкалардан корунуп турам. Учурда бир бала менен телефон аркылуу сүйлөшөм, бирок жоолукканда бири-бирибизге жакпай калабызбы деп корком. Эмне кылсам болот?

Тынчтык Бакытов

Психолог

Cаламатсызбы! Башка адамдар менен бат тил табышып кеткен сапатыңыз абдан жакшы, анткени бул сапат ар бир кишиде боло бербейт. Сизге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн кезигүү зарыл. Кийинки суроолорго жооп берип, кайрадан редакцияга кат жөнөтүңүз:

Сиздин жашыңыз канчада?
“Ачуум келсе өзүмдү кармай албай калам” деген эмнени түшүндүрөт? Бул учурда кандай кадамдарга барасыз?
Ата-энеңиз менен мамилеңиз кандай?
Сиз жашаган иштерге ата-энеңиз өз баасын берип турабы?
Өзүңүзгө болгон ишенбестик критиканы көп уккандан болушу мүмкүн. Ата-энеңиз же бир туугандарыңыз буга чейин жасаган иштериңизди жактырбай же ар дайым сындаса ошонун кесепетинен.

Жолугушуудан коркуп турсаңыз, ал тууралуу сүйлөшүп жаткан жигитиңизге ачык билдириңиз. Мамиле түзүүдө ортодо сыр болбошу керек. Адамдар бирөөнү көрмөйүн, алдын ала жагат же жакпайт деп айта албайт. Андыктан, көп ойлоно берүүнүн кажети жок. Сиз кезиге турчу адамга мамиле түзөм деп сөз бербегенден кийин коркпой эле коюңуз. Сизге ийгилик каалайм!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу