Өзгөчө кооздуктагы жаңы акча. Улуттук банк 2000 сомдук банкнота чыгарды

Жаңы акча 17-ноябрдан тарта пайдаланыла баштайт

 Улуттук банк жаңы 2000 сомдук банкнота чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаңы купюра 17-ноябрдан тарта колдонууга чыгарылат.

«Банкнота Кыргызстандын эгемендигинин жана улуттук валютанын 25 жылдык мааракесине арналып чыгарылган. Анын дизайны боюнча маселе көпкө талкууланып, тигинен жасоо чечими кабыл алынды. Себеби башка акча менен чаташпашы керек. Аны бир учурда эле нумизматикалык жана катардагы акча катары колдонууга болот», — деди Кулматов.

Улуттук банктын нак акча башкармалыгынын жетекчиси Медина Ашыралиева эстелик банкнотаны чыгаруу менен өлкөнүн тарыхын жана маданиятын жайылтууга, аброюн эл аралык аренада көтөрүүгө өбөлгө түзүлөрүн айтты.»Бул жерде мамлекеттин түптөлүшү чагылдырылган. Негизги сюжет катары Манастын эстелиги менен эпостон алынган цитаталар колдонулган. Акчанын башкы бетинде Умай эне белгиси бар. Андан сырткары, башка коргоочу элементтер камтылган. Купюраны жантайыңкы кылып караганда 25 деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт», — деди ал.

Төраганын орун басары Лада Орозбаеванын айтымында, жаңы акча өлкө тарыхындагы эң биринчи эстелик банкнота болуп, мындан ары кайта басылбайт.

Канча көлөмдө чыкканын ал так айткан жок.

Булак: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу