Өзгөн: 12 жана 2 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган эки кыздын сөөгү табылганы маалым болду. Алар айыл тургуну Абдисалам Ризабаевдин кыздары экени белгилүү болду. Калган 22 адамдын сөөгү азырынча табыла элек. Казуу иштерине аба­ырайынын катаал болуп жатканы тосколдук кылып жатканы буга чейин айтылган. Ушундан уламбы, айтор казуу иштерин токтотуп, ал жерди мазар кылып калтыруу сунушу да айтылып, ал сунуш учурда кызуу талкууга түштү. Негизи, аба­ырайына шылтабай, же башка шылтоо кылбай, акырындык менен каза берсе, жыйынтык чыгышы толук мүмкүн.

Булак:Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу