Өзгөндө дагы 10 үйдү жер көчкү басып калды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагындагы 10 үйдү жер көчкү басып калды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бактыга жараша жер көчкү адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Тургундар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Жер көчкү жүргөн аймакта 61 турак жай бар. Азыркы учурда мектепке, балдар бакчасына, ФАПка жана мечитке жер көчкү түшүү коркунучу бар. Эске салсак, 29- апрель күнү Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алты үйдү басып,24 адамдын өмүрүн алган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу