ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөндүн борбордук базары өрттөнүп жатат.
Маалым болгондой, өрт саат 04:50 чамасында чыккан.
Учурда базарда жайгашкан контейнерлер күйүп жатат. Өрт болжол менен 1500 чарчы метрди каптаган. Адамдар жабыркаган жок. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.
Ири өрт чыккан базарда №53 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 2 бөлүм, №102 бөлүмдөн 1 бөлүм, №104 бөлүмдөн 1 бөлүм иштөөдө.
Булак:Каганат.