ӨЗГӨНДӨГҮ ЖЕР КӨЧКҮ 45 ҮЙДҮ, ФАПТЫ, МЕЧИТТИ БАСЫП КАЛДЫ

Өзгөн районуна караштуу  Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 10-майга карата 45 турак-жайды, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 Мечити жана 35 электр мамысын, айыл көрүстөнүн басып, мектептин пайдубалын басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин курулуш материалдары буга чейин КР ӨКМнын куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн.

“Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан. Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө”,-деп жазылат билдирүүдө.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу