Өзбек Президенти өзүн мактап ырдагандарга тыюу салды. Биздечи???

Өзбек Президенти өзүн мактап ырдагандарга тыюу салды. Биздечи? Ажо болору менен таскагы катуу чыгып баштаган Шавкат Мирзёёв өзүнө арнап, мактап ырдаган ырчыларга тыюу салды. Буга жакында эле 49 жаштагы актриса жана ырчы Дильфуза Исмаилова Мирзеевге арнап: “Бул сулуу жердин султаны ден­солукта болсун”­ деп ырдап чыккан. Эске сала кетсек, маркум Ислам Каримов да өзүн мактап ырдагандарга катуу тыюу салган. Бизде болсо боло берет. Ал тургай Преиздент боло элек адамдар деле пиар кылып, “Биздин Президент” деп ырдатып жатпайбы. Преиздентибиз болсо ырчы. Таланты ташып турат. Негизи эле биздин эл чоңдор кошомат кылуу жана кошомат угууну жакшы көрөт. Ушуну токтотпосок болбос.

Булак:Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу