Өзбек бийлиги Ош шаарына мектеп куруп берет

Ош шаарына мектеп куруу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосунда келишимге кол коюлду.
Өзбекстан ТИМи билдиргендей, 630 орундук мектеп өзбек тараптын каражатына салынат жана кайтарымсыз түрдө Кыргызстандын менчигине өткөрүлүп берилет.

Документке өткөн жуманын соңунда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол коюшту.

Өзбекстан ТИМи тараткан билдирүүдө бул долбоорду ишке ашыруу — эки элдин ортосундагы достук жана коңшулук мамилени бекемдеп, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүүгө салым кошот деп айтылат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу