Өзбекстан менен жылуу мамиленин баасы 4 пансионатпы?

Алмазбек Атамбаев бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп, шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековго өлкө Президенти кызматын өткөрүп бергенде кыргыз коомчулугу муну айрымдарын эсепке албаганда абдан жылуу кабыл алган. Бирок, ошол эле коомчулук экс Президенттин дагы бир кадамына түшүнбөй турат. Ал өзүнүн акыркы сапарларынын биринде Өзбекстанга барып Ысык-Көлдөгү   “Рохат-НБУ”, “Дилорам”, “Бустон” жана “Алтын кум” 4 пансионатын Өзбекстанга кайра өткөрүп берүү боюнча макулдашуу түзүп келген экен.

Бул тууралуу 12-декабрда Жогорку Кеңеште КР өкмөтүнүн вице-премьери Дайыр Кенекеев билдирди.

Ал эми 13-декабрында КР премьер-министри Сапар Исаков жогоруда аттары аталган  4 пансионатты  Өзбекстанга кайра өткөрүп берүү тууралуу токтомго кол койду.

Бул жерде мыйзамдуу суроолор пайда болот. Эмне үчүн эгемен өлкөбүздө жайгашкан пансионаттар бөлөк мамлекетке өткөрүлүп берилиши керек? Болбосо, бир кездерде Өзбекстанда да далай бүткүл союздук маанидеги ишканалар болгон. Анда Кыргызстандын да үлүшү бар. Ошолорду бизге өткөртүп алышабы?

Мындан бир топ жыл мурун Казакстан да Ысык-Көлдүн  жээгинде жайгашкан 4 пансионатты өткөрүп берүү жөнүндө маселе көтөрүп келген. Ал маселе кандай чечилди? Албетте коңшулар менен жылуу-жумшак мамиле болушу керек. Бирок, жогорудагыдай кадамдар эмнени билдирет?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу