ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БИШКЕККЕ КЕЛДИ

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей,  Өзбекстандын премьер-министри  Бишкекке келди.

Маалым болгондой, Абдулла Арипов баштаган делегацияны Бишкектеги “Манас” аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тосуп алышты.

Белгилей кетсек, бүгүн өзбек премьер-министрин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Андан соң Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен чакан чөйрөдө жолугушуу болот. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму да өтүп, эки өлкөнүн алакасы талкууланат.

Мындан сырткары  эртең 17-августта эки тараптуу кызматташтык жана чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу