Өзбекстандын белгилүү жылдызы Райхон Кыргызстанга келет…

Ош шаарынын туулган күнүнө карата өткөрүлө турган мааракеге Өзбекстан жылдызы Райхон келе тургандыгы айтылды. Кече Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо 5-октябрда болмокчу. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ошондой эле Кыргызстандын айрым жылдыздары дагы ырдашат. Айтмакчы, майрамдык мааракеге арналган концерт көрүүчүлөр үчүн бекер болмокчу.

Андан сырткары, майрамдык иш-чаралар, көрсөтмө, спорттук оюндар жана жаштар учүн дискотека уюштуруу каралган.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу