Өзбекстандын аймагында кыргыздар жашаган Каражантак айылы Кыргызстанга өткөрүлдү

Социалдык тармактарда  «президенттик шайлоодо бийлик өз  талапкерин өткөрүү үчүн Өзбекстанга кээ бир жерлерди берди» деген сөздөр тараган. Бирок өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров бул маалыматты төгүндөдү.

Анын айтымында, жерлер эч качан сатылбайт жана берилбейт. Чек ара маселесин бир киши эмес эки тараптан 30 киши чечет. Искандаров, сүйлөшүүлөр оор болорун, ар бир аймактар өзүнчө такталаарын айтат.  Анткени Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чыныгы чек ара болгон эмес.

«Эл Унгар-Тоону өзбек тарапка берип жиберди деп жазып жатышат. Бул жер биздин өлкөдө эле калат. Мындай жерлер көп. Өзбекстандын аймагында биздин дагы жерлер бар. Чек араны тактоодо жерлерди алмашуу менен орток пикирге келип жатабыз. Кадамжай району тарапта Өзбекстандын аймагында Каражантак деген айыл бар. Анда бүт кыргыздар жашайт экен, ал жер биздин аймакка өттү».

Ошондой эле Искандаров, интернетте мекенчилмин дегендерден чек ара маселесин чечип жаткандар эки эсе мекенчил экенин белгиледи. Ал бир дагы партиянын мүчөсү эмес экенин айтып, чек ара боюнча маселени чечүү тапшырмасы менен гана иштээрин кошумчалады.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу