Өлүгү моргго жеткирилип, соер алдында «тирилип» кеткен.

Испаниянын абактарынын биринде жазасын өтөп жатып каза болгон кишинин сөөгү моргго жеткирилип, соер алдында «тирилип» кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Гонсало Монтойя Хименес уурулук жасаганы үчүн жазасын өтөп жаткан. Ал эртең мененки текшерүүгө келбей калганынан абактын кызматкерлери камерага барышса отургучта кыймылсыз отурган болот. Дарыгерлер келип анын каза болгонун айтышкан. Бул тууралуу анын туугандарына да кабар берилген.

«Маркумдун сөөгү» соттук медициналык институтка жеткирилип, дарыгерлер союну пландап жаткан. Бир маалда сөөк салынган каптан үн чыга баштаган. Өлдү деген киши тирүү болуп чыккан.

Абактагы кишинин туугандары анын талмасы бар экенин айтышып, дем албай калышына туура эмес дары ичип алганы себеп болушу мүмкүн экенин болжошкон.

Мындан тышкары, алар медициналык протокол бузулган деп эсептешет. «Маркумдун» жакындары үч дарыгер тең бир учурда жаңылбашы керек деген ойдо.

Бейтапты бир эле дарыгер текшерип, калган экөө колун гана коюп койгон деген жүйө менен сотко кайрылууну пландап жатышат.

Учурда бейтап өзүнө келип, ооруканада дарыланууда деп билдирет sputnik.kg маалымат агенттиги.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу