Үшүккө кабылганда биринчи жардам көрсөтүү…

Күн муздап, аяздуу кыш башталганда адамдардын көбү үшүккө чалдыга башташат.

Дене бөлүктөрүнөн бут менен колдун манжалары, кулак менен мурун үшүккө бат кабылат. Анткени сууктун таасиринен дененин ушул бөлүктөрүнө кандын келүүсү азайат да, эгер дал убагында жардам көрсөтүлбөсө ал бөлүктөрдүн клеткалары өлө баштайт.

Тар бут кийим, кийим, мелей, нымдуу кийим менен бут кийим адамдын тез үшүшүнө алып келет.

І деңгелдеги үшүк, үшүктүн жеңил түрү – теринин түсү өзгөрүп, жылыгандан кийин шишип, кызарып, ооруксунуу сезилет.

ІІ деңгээлдеги үшүк териде тунук түстөгү суу толгондой былжыр пайда болот.

ІІІ деңгээлдеги үшүк, кандуу былжыр пайда болот, сезимталдуулук жоголот. Жазылуусу өтө узак убакыт алат.

IV деңгээлдеги үшүк, үшүктүн эң оор түрү – тери катуу жабыркайт.

Дарыгер келгенге чейин агачкы жардам – үшүк алган жерди жакшылап жылытуу кажет.

Биринчи деңгээлдеги үшүккө чалдыкканда терини таза кездеме менен кызарганча сүртүп, зыян тарткан жерди спирт менен, вазелин менен, май менен сүртүү керек.

Эгер бут менен кол үүгөн болсо жылы сууда самындап жууп, спирт менен сүртөбүз. Бутту акырын укалоо пайдалуу. Үшүккө чалдыккан адамга ысык суу берүү зарыл.

Манжанын учтары үшүсө колуңузду жылуу сууга малып (37-40 °С), кызарганча укалайбыз.

Үшүккө чалдыккан колду муздак сууга салып же кар кармоого болбойт. Себеби кардын ичиндеги кичинекей кристалдар териниі жабыркатат.

Бир жолу үшүккө чалдыккан дене бөлүктөрү суукка өтө сезимтал болуп калат. Эгер күн муздай баштаса жылуу кийингениңиз абзел.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу