Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев бир партияга биригишти

“Өнүгүү-Прогресс” фракция секретариатынын маалыматына ылайык 2017 6 август күнү
«Ата-Журт Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий
партияларынын төрагалары жаңы саясий партияга биригип, Президенттик кызмат
ордуна бирдиктүү талапкерди колдоо жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Макулдашууда төмөндөгүдөй айтылууда – “Биз саясий партиялардын лидерлери, өлкөдө
болуп жаткан саясий абалды эске алуу менен эл алдында өз жоопкерчилигибизди сезип,
алдыдагы президенттик шайлоодо саясий туруктуулукту сактоо жана элдин биримдиги
үчүн таза шайлоону өткөрүү максатында өзүбуздүн бүткүл иш-аракетибизди биргеликте
жумшообуз зарыл деп эсептейбиз”.
Жаңы саясий күчтүн мүчөлөрү кошумчалагандай – “Биз коомдук жана саясий күчтөрдү
бириктирүү үчүн, бир катар калыс саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, анын
жыйынтыгында биздин баалуулуктарыбыз жана максаттарыбыз бир экендигин түшүндук.
Бул биринчи кезекте Кыргыз Республикабыздын көз карандысыздыгы жана бүтундүгү.
Биздин алдыбызда өлкөнү жаңыртуу менен мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөө милдети
турат”.
Жаңы саясий күчтүн мүчөлөрү кызыкдар болгон баардык тараптар менен
кызматташууга даяр экенин билдирип кетишти.
Аталган үч саясий партиянын биригүү жөнүндөгү макулдашуусуна Адахан Мадумаров,
Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев колдорун коюшту

Булак:kyrgyztoday.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу