Үч-Коргон ГЭСинде авария болду

Үч-Коргон ГЭСинде №2 гидроагрегат иштен чыкты. Бул тууралуу “Электрстанциялар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 45 МВт кубаттуулуктагы электр жарыгын берген тетик оңдолуп жатат. Энергетиктер тетикти ондоого керектүү каражаттар бар экенин белгилеп, бул авария электр колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратпайт деп билдирүүдө. “Электрстанциялар” ишканасынын маалыматы боюнча, учурда 250 МВт электр энергиясы резерв катары өндүрүлүп жатат.

Нарын дарыясына курулган Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы курулган. Анын кубаттуулугу 180 МВт же жылына 820 миллион КВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Акыркы суткаларда өлкө боюнча 58 миллион 146 миң кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 10 миллион кВт/саатка көп.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу