Суусамыр жайлоосу. Үч депутат жол жүрүп бара жатышып Париждеги кафеге кирип тамактанып калышат. Качан тамак жеп бүтүшкөндө бир депутат 100 доллар берип:
-“Здачасынын” кереги жок — деп чыгып кетет.
Кафедегилер таң калып:
-Булар кайсы жактын депутаттары? — деп таң кала карап турушса пол жууган аял кебелбей:
-“Тил алчаак” депутаттар экенин билген жоксуңарбы?
-Жок, сен алардын “тил алчаак” экенин кантип билдиң?-десе пол жууган аял ишин кылып жатып:
-Дублёнкаларын шымданып алганынан эле байкабайсыңарбы? Демек жогору жакты абдан угат-дейт имиш.
Сарказмга сарасеп, жылмайып коюңуздар.
Булак: NazarNews.kg