Үчилтик үч жакты карап

Куйругунда калбыры бардыгына карабай, президенттик такты эңсеп жаткан Ахматбек Келдибеков өзүн “президенттикке татыктуу мамлекеттик ишмер” катары мактата баштады. Сыягы шайлоого чейин соттолгону боюнча “кара такты” тазалап үлгүрөм деген ишеними чоң окшойт. Бирок Келдибековдун кыялынын ишке ашышына досу Камчыбек Ташиев тоскоолдук жаратаары байкалып калды. Ал өткөндө президенттикти эңсеп жатканын ачык айтты. Демек Ахматбекке эки тизгин, бир чылбырды карматып, сүрөөнчү болуу ниети жок. Ал эми үчүнчү санаалаш Адахан Мадумаров болсо “Садыр Жапаров президенттикке койсо колдойм” деп тескери кетти. Ошентип үчилтик үч жакты карап турган чак.

Булак “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу