Үсөн Сыдыковдун чыйырын баласы гана эмес, небереси да улантууда

Айтылуу Үсөн аке Сыдыковду кимдер билбейт? Анын коомдук, саясый турмуштагы жүрүш-туруштары боюнча өзүнчө сөз болор. Азырынча 75 жаштын чайын ичип жаткан аксакалдын артына салган чыйыры жөнүндө кеп удулу келип тургандыктан, экс-депутаттын саясый жолун уланткан укум-тукуму тууралуу азганактай маалыматыбызды тизмектеп турубуз. “Карт бөрү” партбосстун жолун уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков улап, эл өкүлү катары иштемиш этип жүрөт. Бу Бактыбегиңер атасынын саясаттагы жолун гана улантпастан, кызматсыз калган учурда бир кездери Үсөн аке түптөгөн “Кыргыз-Дан-Азык” мүлктүк комплекстерин жана бизнестерин башкара калат. Бактыбек Сыдыков атасынын арты менен саясый, чарбалык иштерин улантса, өзүнүн жолун улантканга уулу Алымбек Бактыбеков Бишкек шаардык кеңешинин эң жаш депутаты катары белсене киришкен чагы. Ата-бала, керек болсо эртеңки небере-чөбөрөлөрү канчалык саясатка шымалана киришкен күндө да баары биригип, Үсөн акеге тең келе алчу түрлөрү байкалбайт. Буларың Үсөн акенин жанынан күлдүн күкүмүнө тең боло, майдаланып кетишкендей.

Булак: «Азия Ньюс» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу