Үмүт, ишеним, ыраазычылык. Жарандар президентке кайсы маселе боюнча көп кайрылган?

Өткөн жылы президенттин дарегине 17 миң 827 жарандан кайрылуу келип түшкөн. 2017-жылы болсо жалпы 10 миң 658 жаран кайрылган.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.

Келип түшкөн кайрылуулардын 7923ү (же 55,9%) көзөмөлгө алынып, 6734ү аткарылган. 1189 жарандын кайрылуулары учурда аткарылууда.

Региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан түшкөн. Жалпы кайрылуулардын 38,2% пайызын түзөт.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча келип түшкөн. Андан кийин пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам, кредиттерин жоюу жана мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Арыз-муң, жардам сурап кайрылгандан сырткары 84 жаран президенттин атына каалоо-тилек, ыраазычылык кат жолдосо, 36 жаран маараке, жолугушуу жана башка иш-чарга чакырган. Президенттин кол тамгасы менен сүрөтүн сурап 141 чет өлкөлүк жаран, Жаңы жылга карата белек жана Президенттик балатыга чакыруу сурап 916 бала жана жеке кабыл алуусун сурап 269 жаран кайрылган.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу