Үмүтү үзүлгөн Дача СУлуктар: “Учак кулаган жерден иттер каза болгон адамдардын дене бөлүкчөсүн ташып жеп жатат”

Дача СУ айылынын тургундары Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, айылда жашагандарды көчүрүү, авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөп берүү талаптары жазылган плакаттар менен чыгышты. Азыркы күнгө чейин Дачи СУ айылында жашаган тургундардын көпчүлүгү керосин жытынан уулангандар бар экендигин айтып, бийликтин көңүл кош мамиле жасап жаткандыгына нааразы жана чындыкты айткан элди коркутуулар болуп жатат деп айыпташты.

 Узак АНАРБАЕВ, Дача СУ айылынын тургуну: “Учак кулаган жерден иттер каза болгон адамдардын дене бөлүкчөсүн ташып жеп жатат”

– Биз жашап жаткан жерге самолёттун кулап түшүүсү үчүнчү жолу болду. Биринчи жолу жүк ташуучу учак “ямага” түшүп, экинчи ирет жүргүнчүлөрдү ташуучу учак кулаган. Үчүнчү жолу эл жашаган аймакты учак басып калып, кырчындай болгон балдарыбыздан айрылдык. 3 айдан бери 6 фракцияга, Президентке, губернатор, акимдерге чейин арыз кат жазганбыз. Бирок, тыянак чыккан жок. Аргасы кеткен айылдын тургундары Ак Үйдүн алдында митингге чыгышты. Учак кулаган жерден иттер каза болгон адамдардын дене бөлүкчөсүн ташып жеп жатат. Жакында эле, учак кулаган аймактан адамдын ээги, колдору чыкты. Бул нерсени көрүп, биз кантип жашоону улантабыз? Бийлик башында олтургандардын бирөөсү да кабар алган жок. Биздин көйгөйдү чечпесе, анда биз элге кайрылабыз. Эл тарабынан 100 миллион сом акчалай жардам чогулду. Өкмөттөн бир дагы тыйын чыккан жок. Ушул күнгө чейин элден чогулган каражатты бөлүп бере элек. Себеби жогору жактагылар жеш керек болууда. Айылдагы жашоочулардын санын эсептегенде “фундамент түшүрүлгөн жерде да адам жашайт” – деп тизмекке киргизип коюптур. Анткени, адам жашабаган жерлерге бөлүнгөн каражатты жеке чөнтөгүнө салат. Бийликке карата ишеним өчтү. Эгерде ишенимди актаса, 3 ай аралыгында биздин тагдырды чечип коймок. Эми жети дубандын элине кайрылуудан башка амал жок. Өз өлкөбүздүн башчылары жардам бербесе, чет өлкөлүк башчыларга да кайрылабыз.

Турусбек СУЛТАНАЛИЕВ, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары: “Маселе бир күндө чечилбейт”

– Дача СУ айылынын тургундарын көчүрүү маселеси бир күндө чечилбейт. Бишкектин тегерегиндеги Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда бош жер жок. Эгерде өкмөт бизге тапшырма берсе, башка райондордон жер тилкени карап чыгууга болот. Учак кырсыгынан кийин атайын эсепке түшкөн 100 миллион сом боюнча өкмөт бардык жабыркагандарды тактоо иштерин жүргүзүп бүткөн. Учурда жардамды бөлүштүрүү боюнча жергиликтүү тургундардын катышуусу менен түзүлгөн комиссия гана чечет. Бул ишке өкмөт кийлигише албайт. Кыргыз өкмөтүндө жабыркагандарга жана жакындарын жоготкондордун туугандарына компенсация төлөө биринчи кезектеги маселе. Бул боюнча учакка ээлик кылган түрк тарап менен сүйлөшүү аяктап баратат.

Айнагүл УСЕНОВА, Дача СУ айылынын тургуну: “Элдин нааразычылыгы күчөп жатат”

– Бийликтин кайдыгер мамилесинен улам бардык көйгөй болуп жатат. Бир жума мурун Ош-Бишкек учагы коно албай, эки саат асманда айланып учуп жүрдү. Эртеңки күнү ошол эле учак кулап түшсө, эмне болот деген коркунуч бар. Ипотека менен жер тилке акча бөлүп берсе, ага үй салып чыгып кетмекпиз. Эми кимге ишенүү керек? Жок дегенде кан жутуп олтурган 14 үй-бүлөгө көңүл буруп, ачуу чындыкты укса деген үмүт. Бийлик болгондуктан башты басып коюуга дарамети жетти. Бирок, күндөн-күнгө элдин нааразычылыгы күчөп жатат. Буга чейин канча деген балдарыбыздын каны төгүлүп, алардын да үмүтү акталган жок.

Мирлан ТОКОЕВ, Дача СУ айылынын тургуну: “Адамдар учактын калдыктарын казып, темир чогултуп жатышат”

– Учурда айылдын тургундары митингге чыккандыктан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Уюлдук телефон аркылуу жашоочуларга чалып, ар кандай кысымдар бар. Бул жерге биздин тагдырыбызды чечип берет деп ишенип келдик. Жакында шайлоо болсо, кайрадан элге кооз сүйлөп, добуш алуу аракетин жасайт. Азыр элдин көйгөйүн чечип бере албаса, кийин колдорунан эмне келмек ? Учак кулаган жерди көргөн сайын жашоодон үмүтүң үзүлөт. “Ошол жерди курчоого алып, тосмо менен тоскула” – десек, эч ким уккан жок. Башка жерден келген адамдар учактын калдыктарын казып, темир чогултуп жатышат. Учак кырсыгында каза болгондорду көрүп, көпчүлүгү психикалык жактан ооруга чалдыкты. Дагы бир айылдын тургуну каза болгон адамды көрүп, ошол жерден жүрөгү жарылып каза болду. Анын жакындарына өкмөт тарабынан эч кандай жардам берилген жок. Ал учактын кырсыгынан эмес, жөн эле көз жумду деген сөздөр айтылды. Психикалык жактан жаш балдар, чоң эле кишилер жабыркады.

Нуркыяз МАШАЕВ, Дача Су айылынын тургуну: “Митингге чыкпагыла дешет…”

– “Биз саясаттагыларды кетсин же калсын” – деп чыккан жокпуз. Болгону биздин талаптарды аткарсын. Чогулган 100 миллион сом акчаны, жалпы Дача Су айылынын жашоочуларына берилсин десе, өкмөттүн орун басары каза болгондордун жакындарына кун катары бөлүп берүүдө. Элден чогулган акчаны өкмөт өзү тарабынан бөлүнгөн каражат катары айтып жатат. Бул жерде элге жакпаган туура эмес иштер орун алууда. “Митингге чыкпагыла! Бир нерсе болсо, силерди камап салабыз” – деп, УКМКдан чалуулар болуп жатат. Талаптар аткарылат деген курулай сөздөр гана айтылат. Учак кырсыгында көпчүлүк эл өздөрү куткаруу иштерин аткарышты. “Аларга да наамдар ыйгарылып, силерге жардам берилет” деген калп сөздөрдү айтышты. Каза болгондордун кыркы бүтүп, өкмөттүн бир мүшөктөн ун, эски кийимдерди таратып берди. “Сиздерге башка жардам берилбейт. Мыйзамда мындай нерсе жок экен” – деп кетип калды. Андан кийин эки жолу митинг болуп, эч ким кабар алган жок.

P/S. Дача CУлуктар диктофонго сүйлөп берген менен сүрөткө түшүүдөн жаа бою качышты. Мындан улам чындап эле коопсуздук кызматтары жапа чеккен айылдын тургундарын катуу көзөмөлгө алып жатканбы деген суроо туулат.

Үпөл АНАРКУЛОВА Булак: “Алиби”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу