Үлкөндөр Мирбек Атабековдон үлгү алса…

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков өзүнүн балдарына жээнтек той берип элдин батасын алды. Тойдун көркүн ачып сыйлуу коноктору, эстрада жылдыздары барды.

Атабековдордун үй-бүлөсү ысырапчылык кылбай, дасторконду кенен жазып, бирок тоюна өзгөчөлүк киргизип көнүп калган устукан тарткан салттан толугу менен баш тартканын Атабековдун коноктору айтып чыкты. Ырчынын бул жөрөлгөсү колдоого татыйт.

Депутат, чиновниктерибиз Жогорку Кеңештин трибунасынан ысырапкорчулукту жоюш керек деп кыйкырып, Ак үйдөн чыккан соң кайра эле устукан талашып тойлордон бошобойт.

Үлкөндөр Мирбек Атабековдон үлгү алса болчудай экен…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу