ҮЙ ШАРТЫНДА БАЛМУЗДАК ЖАСАЙБЫЗ (ФОТО)

Керектелүүчү азыктар:

— сүт 250 мл

— каймак (33-35%) 250 мл

— жумуртканын сарысы 4-6 даана

— шекер 80-90 гр

— ваниль экстракты же ваниль шекери 1 чай кашык.

Мискейге сүттү куюп, кайнатып алабыз. Оттон алып, жылымык болгуча муздатабыз.

Жумуртканын сарысына шекер, ваниль шекерин (же ваниль экстрактын) кошуп, жакшылап аралаштырып алабыз. Аралаштырып жатып ага аз-аздан сүттү куябыз.

Сүт менен жумуртканын сарысынын аралашмасын жай отко коюп, жыгач кашык менен аралашма коюу болгуча аралаштырып турабыз.

Кеңеш: Кашыкты алып кремге салабыз, анын сырткы бетин сөөмөйүңүз менен сыдырып көрүңүз, эгерде колдун изи калса, демек ал даяр.

Даяр кремди муздатып, андан соң муздаткычка салабыз.

Идишке каймакты салып, аны чалабыз.

Муздаган кремге каймакты кошуп, аралаштырабыз.

Аны атайын идишке куюп, оозун тамак-аш пленкасы менен жаап муздаткычка 40-60 мүнөт коебуз.

Аралашма тоңо баштаганда аны алып чыгып, дагы бир жолу чалабыз. Себеби тоңуп келе жаткан муз бөлүкчөлөрүн аралашуусу керек.

Муздаткычка дагы 40-60 мүнөт коебуз дагы, кайрадан чалабыз.

Эми даяр балмуздакты муздаткычка салып 2-3 саат кармайбыз.

Кааласаңыз балмуздакка жаңгакты, мөмөлөрдү, печенье кошсоңуз болот.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу