Үй камагындагы депутат Исаев ишке чыкты

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги бешинчи сессиясынын ачылышына «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча айыпталып жаткан депутат Канатбек Исаев катышты.

Эки кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен 18-июлда үй камагына чыгарылган.

Канатбек Исаев 2017-жылдын 30-сентябрынан бери камакта болчу. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иштери боюнча коррупция айыбы коюлган.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата «Коррупция» беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти «мөөнөтү өттү» деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Канатбек Исаев — парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу