Үй-бүлө үчүн кандай курмандыкка барууга болбойт?

Белгилүү психолог Михаил Лабковский социалдык тармактагы баракчасына үй-бүлө менен бала үчүн, жумуш үчүн кандай курмандыкка барууга болбой турганын жазып калтырган.

Адатта бизге бала кезибизден дүйнөдөгү кызыктуу нерселердин баарына кол жеткирүү үчүн курмандыкка баруу керектигин айтып келишет. Чындыгында үй-бүлө менен бала-чака, жумуш жашообузду кыйындатпашы керек.

Эгер жакшы эне болгун келсе байлык, бийлик, мансапты токтотуу кажет. Ал эми көп акча тапкың келсе үй-бүлөңө жетиштүү көңүл бөлө албайсың.

Ал эми Лавковскийдин оюу боюнча жашоодо баары оңой, баары жеңил.

«Жашоодо чындыгында эч нерсеге курмандык кылуу керек эмес. Баардык бакытты алып келген кубанычтар – үй-бүлө, жумуш, өзүңүздү чыңдоо, нике жана балдар жашооңуздун маңызы болуп калышы керек, эч кандай жагдайда алар оорчулук түшүрбөшү кажет»-дейт психолог.

Ал эми курмандык жасоо психологиясын адамдардын санаасына сиңирип ташташкан дейт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу