Үй-бүлөңүздү бекем, түбөлүктүү сактоонун сырлары…

Үй-бүлөдө мамиле узак жана бекем болуш үчүн психолог Брайан Глисон төмөндөгүчө кеңештер менен бөлүшкөн. Биз күнүмдүк жашоодо бири-бирибиздин мамилебиз жөнүндө көп деле сүйлөшпөйбүз. Бул туура эмес. Ал турмушта да бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү, урматыбызбы ачык айтуудан эч качан тартынбашыбыз керектигин айтат. Мисалы, эртең менен күйөөңүз менен тамактанып жатасыз дейли. Ошол эле учурда сиз жумушуңуздагы жолугушуу боюнча абдан ойлонуп, кыжалат болуп жатасыз. Сиз ал тууралуу жолдошуңузга айтпастан эле ичиңизде өзүңүзчө кайнап жатасыз. Бул туура эмес. Себеби, күйөөңүз сиздин кыжалат болуп ойлонуп жатканыңызды сезбейт. Болгону ал сизди «эмнеге унчукпай жатат?» деп ойлошу мүмкүн. Ошон үчүн сиз ичиңизден эмне тууралуу ойлонуп жатканыңызды жолдошуңуздан эч убакта жашырбаңыз. Анын ордуна сиз ага «мен жумушум боюнча ойлонуп жатам» деп кеп-кеңеш менен кайрылыңыз. Демек, бул учурда сиздин унчукпай коюшуңуз жолдошуңуздун тынчсыздануусун күчөтүп, ойлондуртуп жаткан маселени курчутушу мүмкүн. Ошондуктан эмоция, ойлоруңуз менен бөлүшүү — узак мамиле куруунун ачкычы болоруна шек жок.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу