Үй-бүлөлүк жашоону бекемдөөчү жана талкалоочу фразалар

Сүйүү – бул кинодо көрсөткөндөй жалаң романтикалык жолугушуулардан турган нерсе эмес. Бактылуу жашоого жетүү үчүн эки тараптын чыдамкайлыгы, бири-бирине болгон сый-урматы керек. Бирок мындай мамилени сындырып алууда да, бекемдөөдө да биздин тилибиз роль ойнойт. Анткени сөз кээде куралдан күчтүүлүк кылат эмеспи.

 

1. «Сен сонун көрүнүп турасың»

Комплимент бир гана аялдарга эмес, эркектерге да керек. Анткени алар да өздөрүнө анча ишенбеген учур болот. Сыртынан билдирбесе да «көйнөгүм жарашып турабы?» деп ичинен арсар абалда болушат. Андыктан кичинекей комплимент жолдошуңуздун өзүн-өзү баалоосун жана маанайын көтөрүп коёт.

 

2. «Сен сексуалдуусуң»

Күйөөңүзгө анын кандай көрүнүп турганын айтканыңыз башка кеп, а анын сексуалдуулугун айтып мактаганыңыз таптакыр башкача таасир этет. Аны менен өткөргөн түндүн жагымдуу болгонун ачык айткандан тартынбаңыз. Бул сөзүңүз аны шыктандырып, кайра кайталоого каалоосун ойготот.

 

3. «Мен сени сүйөм»

«Сүйөм» деп олуттуу айткан сөзүңүз сиздерди андан бетер жакындаштырып, мамилеңиздердин узак болушун шарттайт.

 

4. «Мага сенин мунуң жагат»

Жолдошуңуздун чач жасалгасын, жаңы кийген кийимин, сизге жасаган тигил же бул мамилесин, баарын көз жаздымда калтырбай мактап туруңуз. Эркек – рентген эмес, ал сиздин эмне каалап жатканыңызды айттырбай биле албайт. Андыктан түгөйлөр экөөңүздөр тең бактылуу болууңуздар үчүн каалоолоруңузду айтып туруңуз. Ал сиздердин мамилени жакшыртат.

 

5. «Тигил аял сени карады»

Сизге кызык угулушу мүмкүн, башка аялдын күйөөңүзгө көңүл бурушу сиздердин мамилеге пайда алып келет. Бирок кеп бир гана көз караш жөнүндө болуп жатса. Эркек кишиге аялдын көңүл бурушу жагымдуу. Анткени мында эркек өзүн келишимдүү сезип, өзүнө-өзү ишенимдүү боло түшөт.

 

6. «Сеники туура»

Кандай болгон күндө да «мен айтпадым беле?» деген сөздү баарыбыз жакшы көрөбүз. Бул тууралуу унутпаңыз жана жолдошуңузду дайыма колдоп туруңуз. Эркек кишиге аялынын колдоосу өтө маанилүү. Талаш-тартыштын эмне тууралуу экени мааниге ээ эмес, качан болбосун түгөйүңүз тарапта болуңуз.

 

7. «Рахмат»

Бизге билинбегени менен бул сөз күнүмдүк турмушта сыйкырдуу күчкө ээ. Жолдошуңуздун сиз үчүн жасаган ар бир кыймыл-аракетинен кийин бул сыйкырдуу сөздү айтуудан тажабаңыз.

 

8. «Мага жардамдашып койчу?»

Эркектер өзүн керектүү, күчтүү сезгенди жакшы көрүшөт. Сиз анын жардамдашуусун суранганыңызда ансыз эч нерсе кыла албагандай түшүнөт. Албетте, ар бир майда нерсе үчүн тынчын ала берүүнүн кажети жок, кээде «алсыздыгыңызды» көрсөтүп андан жардам, кеңеш сурап турганыңыз сиздердин үй-бүлөлүк жашоону кайсы бир деңгээлде бекемдейт.

 

9. «Мен сенин жаныңда өзүмдү коопсуз сезем»

Эркек өзүнүн сүйүктүү үй-бүлөсүн бардык жерде бардык нерседен коргоого аракет кылат. Андыктан сиз аны менен болгондо эч нерседен коркпошуңузду айтып турганыңыз эркек үчүн жагымдуу болот.

 

1. «Мен сени менен ажырашам!»

Өздөрү ажырашууну каалашпаса да айрым аялдар күйөөлөрүн ажырашуу менен коркутууну адат кылып алышат. Бул сөздү чын жүрөгүңүздөн айтпаганыңыз менен никеңиздердин пайдубалына жарака кетишине өзүңүз түрткү болуп жатасыз. Бул сөздү улам кайталоо менен акыры-аягы чын эле ошондой болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан жолдошуңуз менен ажырашуу тууралуу ой сизде жок болсо, бул сүйлөмдү экинчи пайдаланбаңыз. Андан көрө аябай ачууңуз келип жатса эшикке чыгып сейилдеп, ойлоруңузду тартипке келтирип алыңыз. Андан кийин гана түгөйүңүз менен жай сүйлөшүүгө өтүңүз.

 

2. «Эмне үчүн башкалардай эмессиң?»

Өз жолдошуңузду эч качан башкалар менен салыштырбаңыз. «Карачы, кошуна сенден эки эсе көп акча табат», «Тиги досуңдай болуп чоң үй салуу сенин колуңдан келбейт» деген сыяктуу салыштыруулар эркектерге өтө катуу тиет. Муну менен биринчиден, күйөөңүздүн өзүн-өзү баалоосун түшүрүп жатасыз. Экинчиден, мындай кемсинтүүлөр сиздин күйөөңүздөн жакшы бирөөнү каалаганыңызды билдирет. Ансыз деле мындай фразалардан кийин: «Бар анда, ошол кошунага тийип ал», — деген жооп уксаңыз керек.

 

3. «Сени менен сүйлөшкүм келбейт»

Ар кандай сөздөн да кооптуусу — түгөйлөрдүн бири экинчисине сүйлөбөй коюу менен өзүнө тосмо жасап алуусу. Муну менен ал ортодогу аралыкта түгөйүнө өзү тууралуу негативдүү ойлорду ойлоосуна шарт түзүп берген болот. Натыйжада пайда болгон маселени чечүүнүн жолдору татаалдаша берет.

 

4. «Мага баары бир»

Сиздин кайдыгерлигиңизди билдирген: «Мага бары бир», «Эмне кылсаң өзүң бил» деген фразаларыңыздан кийин жолдошуңуз өзүн керексиз сезет. Мындай сөздөр атүгүл адамды мамилени бузуу тууралуу ойлоого аргасыз кылат. Адатта мындай сөздөрдү түгөйүн алмаштырууну каалаган адамдар айтат.

 

5. «Сен апаңдын сөзүн сүйлөп жатасың»

Үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда бир гана экөөңүздөр тууралуу сөз болуусу керек. Анын атасын, апасын же бир туугандарын аралаштыруу, болгондо да алар тууралуу тескери ой-пикириңизди билдирүү – күйөөңүздү сыйлабаганыңыз. Мындан улам ортодогу жаңжал жаңы өңүткө өтүп, ырбап кетиши мүмкүн.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу