«Үйүрдөн чыккандар» жарабайт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери текши кызматтан алынды. Элге кызмат кылууну чет өлкөгө саякаттоо деп түшүнүп алышкан министр Таалайкүл Исакунова баш болуп, орун басарлары Лунара Мамытова, Зууракан Каденова, Жылдыз Полотова баары мамлекеттик саясатка төп келбеген кылык-жосундарына байланыштуу иштен айдалышты. Бири чет өлкөдө мас болуп чаң салса, бири үй-бүлөсүн мамлекеттин эсебинен чет өлкөдө сейилдетсе, бири «Пенсияңарды чогултуп саякаттап акылыңарды өстүргүлө» — деп, өзү мамлекеттин казынасын какшытып эс алганына корстон болду. Эми булардын чалмакей чалган иштерин оңдоого мыкты жетекчи келиш керек. Айрымдар ушул тармакты жетектеп кеткен, иш кылып кыйратпаган Базарбай Кудайбергенов келиш керектигин каңкуулап, пиарлашууда. «Үйүрдөн чыккандарды» кайра эле таңуулай берген болбойт. Башка жаңы муун келсин. Кан алмашсын…

Булак: «Фабула» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу