Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?

Үйлөнгөндөн кийин көпчүлүгүнүн жообу төмөндөгүчө: “Үйлөнгөнүмө он ай болду, он айдын ичинде он килограмм салмак коштум. Табитим абдан ачылды”. Досторумдун “Оо сага үйлөнгөн куп жарашыптыр” деген суроолору көбөйдү. Неге мындай болуп жаткандыгын өзүм дагы билбейм. Мурунку калыбыма келиш үчүн эмне кылышым керек?

Адис Февзи Өзгөнүл ага жооп катары төмөнкүлөрдү айтты: Мындай абал көпчүлүк эркектерде үйлөнгөндөн кийин келинчегине эркелеп, мурунку жашоо образынын бузулуусу менен түшүндүрдү. Ошондой эле, мисалы кыймылдуу жумушта иштеп жүрүп, бир күнү эле отуруп иштеген жумушка орношуп калдыңыз дейли. Дал ошол отуруп иштегенден баштап сизде салмак кошуу башталат. Ал үчүн үйлөнгөнгө чейинки мурунку адаттарыңызды калыбына келтирүүгө аракеттениңиз. Эгерде кечкисин сиз көп кыймыл жасабаган болсоңуз, анда жубайыңыз менен чогуу чуркоону адатка айлантыңыз.

Табитиңиз ачылып, улам-улам эле тамак жегиңиз келип жатабы? Анда анын эң негизги себеби жеген тамагыңызды туура сиңире албай жаткандыгыңызга байланыштуу. Жеген тамактарыңыз денеге сиңип аш болбой жаткандыктан, орнанизмиңиз улам-улам эле тамак сурап жатат.

Таттуулардын ордуна колдонулуучу аралашма

Айрыкча кыш мезгилинде эн керектүү аралашманы сизге сунуш кылабыз. Аталган аралашманы эртең менен ач карын жана кечинде тамактын алдында ичүү керек. Бул аралашма сиздин жакшы тамак сиңирүүңүзгө жардам берет. Муну колдонуп жатып тамак рационунан камыр тамактарды, нанды жана таттууну колдонбош керектигин эскертебиз. Ал үчүн бир литр сууга майдаланган имбирь, 1 кичинекей тууралган бадыраң жана лимон керектелет. Алардын бардыгын жакшылап туурап сууга салып 12 саат коюп коюш керек. Даяр болгон аралашманы күнүгө эртең менен ач карын жана кечинде тамактын алдын ичүү кажет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу