Үйдөгү беш баласын эмес, Түркияны ойлогон келин…

Миграция күч алган заманда баласын таштап сыртка иш издеп кеткен энелер өөн учурабай калды. Азыр бүлөөсү бүтүн, миграцияга кабылбаган Кыргызстанда үй-бүлө жок болсо керек… Айтор, энеси менен атасынан «тирүүлөй ажыраган» балдарды чоң эне менен чоң ата, тай журту алдуу-күчтүү болсо карап, бапестеп жаткаңдыр… Бирок, көпчүлүк учурда 70ти ашкан, бели бекчейип, көзү чекчейген кемпир-чалдар өз жанын кароонун ордуна, бала багуу түйшүгүн тартып калышты… Же кыргыздардын макалында «неберелерден алар өлүп эле кутулабы?»…

Эмесе, сөз башынан болсун. Мындан эки жыл мурда жетишпеген оокаттын айынан Бишкектин жакын жеринде жашаган беш балалуу келин Түркияга иш издеп кеткен. Ал келин башында балдары, күйөөсүнөн кабар алганы менен, акырында такыр байланышы үзүлүп, өлүү-тирүүсү билинбей кеткенде, жакындары «Түркиядан ары Сирияга кетип, же кулчулукка кабылган жокпу?» деп тынчсызданып жүрүшкөн.

Жакында жолдошун Ленин райондук милиция 2013-жылдагы жол кырсыгы үчүн камап салганда, кырдаал курчуй түштү. Анткени, милиция чакырганда барган жалгыз бой ата балдарын үйүнө эле (3-5 жаштагы эки кенжесин 6-класстагы уулу карап калган) калтырып барган. Камоодо калган ата балдары жалгыз калганын айтканда, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы аларды балдар үйүнө алып кетүүгө камынып баштаган. Мындай жагдайда кошуналар кийлигишип, тил кат жазып жатып, балдарды чоң энеси айылдан келгенче карап туурууга жана балдардын атасын камоодон чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок, кылымга тете бул күндө… кабарлашпаган энени тез келүүсүн өтүнгөн телефон чалуу жасалган.

Учурда атасы дагы убактылуу камоо жайынан чыгарылып, бир топ убакыттан кийин энеси дагы Түркиядан келди. Бирок, келиндин ою талаада… Анткени, ага үйдө иштебей отурган ичкич, аялдын көңүлүн көтөрө албаган күйөөсү, тили чыкса дагы сийдик-боктон арыла элек эки жаш баласы, 6-класста окуп, өспүрүмдүн өткөөл курагында турган уулу, же чоң энеси менен алыста жеңенин тарбиясында калган тестиер кызы дагы кызык эместей. Келип, балдарына кийим, телефон сагып бергени менен боор тартып, мээрим төгө албаган мелтиреген эненин ою Түркияда. Ал баарынан тажап бүткөн… А балдарчы? Балдар азырынча апасы кайрадан кетпесе деп эңсешет. Бирок, ал Түркияга кайра кирүү үчүн баардык айып пулдарын төлөп, кетүүнүн камын көрүп келген.

Эми ушул келинди Кыргызстандан чыгарбай кармап калууга мүмкүнбү? Анткени, ага жакындарынын айткан сөздөрү жаккан жок. Балдардын тагдыры эмне болот? Жумушсуздуктун айынан үй-бүлөнү чачыратып, талкалап алуу оңой болуп калган заманда жашап калдыкпы, замандаш? Мындай учурда эмне кылуу керек?

Гүлмира ҮМӨТАЛИЕВА

Булак: «Азия Ньюс» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу