Үгүт ишине карата ырчылар гонорар акысын көтөрөт

Буга чейин болуп келгендей эле бул жолу да шайлоо өнөктүгүндө президенттикке талапкерлер үгүт иштерине ырчы, куудулдарды пайдаланышат. Антпесе элди жыйынга чогултуу кыйын болушу ыктымал. Айрым ырчылар ушундай саясий өнөктүк мезгилинде өнөрпоздор аздыр-көптүр каражат топтоп аларын айтышса, айрымдары элдин жакшылыктарында гана кызмат кылууну туура көрүшөт.

Президенттик шайлоонун алдында талапкерлер көчө жарнамалардан сырткары маданий иш-чараларга да жүз миңдеген акча коротушат. Учурда алар жер-жерлерде эл топтоо үчүн концерттерге ондогон ырчы-чоорчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

Эстрада ырчылары, куудулдар, төкмө акындар үгүт иштерине бери дегенде 5 миң доллар, алды 30 миң долларга чейин сурап жатышат. Алардын арасында борбордогу көп кабаттуу үйдөн батир сурагандары да жок эмес.

«Алтын үн» продюсерлик борборунун жетекчиси Жыргалбек Шакиров талапкерлердин командаларынан иштешүү тууралуу сунуштар түшүп жатканын билдирди.  

Анын айтымында,  президенттик шайлоонун үгүт иштериндеги эмгеги үчүн популярдуу жана мамлекеттик сыйлыгы бар ырчылар 20-30 миң долларга чейин сурап жатат.

Азыр президенттикке талапкерлер менен үгүт иштерин алып баруу үчүн сунуштар түшүп жатат. Ошондуктан ырчыларды чогултуудабыз. Ырчылар акысын ар кандай суммада айтып жатышат. Мисалы Эмгек сиңерген артист жана башка мамлекеттик сыйлыктары бар, популярдуулугу арткан ырчылардын эң алдыңкылары бир компанияга 25-30 миң долларга иштеп беребиз деп жатат. Жаштар арасында таанымалдар 10-15 миң долларга чыгууга даяр. Ал эми аты чыгып, тааныла баштагандар 5 миң доллар берсең, келишимге кол коебуз дешет.

Бүгүнкү күндө дал ушундай гонорар сураган ырчылар арасында ар кайсы талапкерлер менен келишим түзүүгө жетишкендери дагы бар.

Ырчы Акбар Сүйүнбаев азырынча эч бир талапкердин командасы менен иштешүүгө келишим түзө электигин билдирди. Бирок эки үч талапкердин штабынан ырчыга иштешүү тууралуу сунуштар келген. Сүйүнбаев ойлонуп көрүп, программасы жаккан талапкерди колдоп, үгүт иштерине катышышым мүмкүн дейт.

2005-жылдан бери үгүт иштерине катышып келе жатамын. 2015-жылы парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде баардык кесиптештерим жакшы иштеп, каржы жагын жөндөп алгандар болду. Мен деле жакшы эле таптым. Бирок ал пайдага эч нерсе деле албадым. Эмне кылып коротконумду деле билбей калдым. Канча акы талап кылып жатканым тууралуу сыр эле бойдон калсын. Бул биздин ырыскыбыз.

Шайлоодогу үгүт концерттери үчүн эң көп акча белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана Нурлан Насипке төлөнүшү мүмкүн экендиги маалымдалууда.

Алып баруучу Назира Кадыева 2015-жылы парламенттик шайлоого карата болгон үгүт ишинен үч жылда иштеп тапканын бир айда эле таап алган. Кадыеванын айтымында, үгүт иши акча табуу булагы болуп калды. Талапкерлер деле ырчылардын жардамы менен өздөрүнүн чогулушуна элди жыйнашат.

-Буйруса, күздө боло турчу шайлоого сунуштар түшүп жатат. Азыр ойлонуп жүрөмүн. Бир компанияга иштегенден кийин анын кызыкчылыгын колдоого туура келип калат. Ошого жараша талапкерди карап, анан иштешүүгө келишимимди беремин. Ал эми канча акы сурарымды боюнча айтпай эле коеюн.

Ал эми ырчы, алып баруучу Кубанычбек Ажыбаев буга чейинки шайлоолордо үгүт иштеринде кызмат кылбаганын айтат.

Анын айтышынча, өткөн жылы жергиликтүү кеңешти шайлоо күздө болгондуктан, башка иш-чараларды алып барууга алдын ала сунуштарды кабыл алгандыктан, үгүт ишине катышпай калган. Ырчы бул жолку шайлоого карата бир сунуш түшкөнүн белгилейт.

Мен мурунку шайлоолордо элге таанымал болбогондуктан, иштешүүгө чакыргандар деле болгон эмес. Жакында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт ишине чакыргандар болду. Бирок тойлорда тамада кылгандыктан, үгүт ишинен баш тарткам. Эгерде мага 10 доллар сунуштаса, үгүт ишине катышышым мүмкүн.

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 2011-жылкы президенттик шайлоого 16 талапкер жалпысынан 154 миллион сом жумшаган.

Анын ичинен эң көп каражат сарптаган беш адамдын катарына Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Кубатбек Байболов жана Анарбек Калматов кирген. Ал эми шайлоонун жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев 62 пайыз менен жеңип чыгып, Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров 14 пайыздан алышкан. Калган талапкерлердин добушу 1 пайыздан ашкан эмес.

 Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу