Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Юстиция министрлигиндеги жооптуу кызматтагыларга 304, 307 жана 350-беренелердин негизинде кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигиндеги жооптуу кызматкерлер Б.З аттуу жаранга жеке нотариустун жардамчысы деген жасалма эмгек китепчесин жасап беришкен. Буга кошумча, ага жеке нотариус ачууга лицензия беришкен.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура аталган министрлик К.У аттуу жаранга жеке нотариус иштетүүсү үчүн мыйзамсыз лицензия бергенин аныктады. Учурда кылмыш иши тиешелүү органдарга иликтөө иштерин улантуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу