Юстиция министри Айнур Абдылдаеванын кызматынан кетиши күтүүсүз болду

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Айнур Абдылдаеванын кызматтан алынышын башка кызматка которулгандыгы менен байланыштырышууда. Кызматка келгенине 4 ай болбой жатып кызматтан алынган мурдагы юстиция министри Айнур Абдылдаеванын кайсы кызматка барары азырынча белгисиз.

Ал эми Юстиция министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери жетекчисинин кызматтан кеткени күтүүсүз болгонун айтты. «Кызматка жакында эле дайындалган Айнур Абдылдаеванын кызматтан кетиши жалпы жамаат үчүн күтүүсүз болду. Анын кызматтан алынышына башка ишке которулгандыгы себеп болгону айтылууда. Бизде мындан башка маалымат жок. Ал эми анын төрт ай ичинде жасаган иштерине баа берүү кыйын. Анткени төрт айлык убакыт өтө эле аз. Ошентсе да ал министрликтин ишине өзгөртүүлөрдү киргизип, коррупцияга каршы иштерди жасап жаткан. Мындан сырткары мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга болгон аракетин көрүп келген. Ал азыр кайсы кызматка кеткени тууралуу бизде маалымат жок» деди министрликтин кызматкери.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу