Эң чоң универсалдуу ката тууралуу…

Бир кыргыз акылманы өлкө андагы адамдар бири-биринин ийгиликтерин таанымайынча жана өз каталарын билмейинче өнүкпөй турганын айткан. Бул сапаттар чынчыл жана күчтүү адамдарга таандык, ал эми мындай адамдар кыргыз элитасында көп эмес экенин угуп эле жүрөбүз.

Бирок, акыркы жумада мурдагы президент Атамбаев маалыматтык айдыңга бомба таштап, өз каталарын мойнуна ала баштады. Мисалы, мыйзамга каршы чыгып, Текебаевди түрмөдөн сактап калса болмок экенин билдирди. Жасаса болмок экенин, бирок чекиндүүлүк жетишпей калганын айтты. Ал эми 10-декабрда андан да чоң катасын мойнуна алып, тура эмес мураскер тандаганына өкүндү. Мунун артында эмне турарын билүү үчүн буга чейинки лидерлердин сөздөрүнө көз сала кетсек ашыкча болбос.

Акаев Аскар, 2012: «Каталарымдын ичинен бирөөнү баса белгилегим келип жатат – бул кичинекей заводдун директору Курманбек Бакиевди эки облустун губернаторлугуна чейин жогорулатып, андан соң өкмөт башчылыкка алып келгеним. 2005-2010-жылдагы окуялар көрсөткөндөй бул менин эң чоң катам болуптур.» (Азаттыкка берген маегинен)

Бакиев Курманбек, 2015: «Мен бир чоң ката кылыптырмын – өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштебей, максаты чоң кызматка келүү болгон адамды жумушка алганым.» («Оорум, сүйүүм жана үмүтүм: менин Кыргызстаным» китебинен)

Атамбаев Алмазбек, декабрь 2018 г: «Мен президенттик шайлоо учурунда эң чоң ката кетириптирмин» («Апрель» телеканалына берген маегинен).

Биз кадимки ишитерде президенттер бири-бирин туурай бергенине көнүп калганбыз – коррупция жана аны менен күрөшүү, уй-бүлөлүк иштер, мурдагы үзөңгүлөштөрүнүн тагдыры ж.б. Жада калса бири-биринин өкүнүчтөрүн дагы кайталап жатышат, болгону фамилиялар гана өзгөрүүдө. Плагиатпы же ичиндеги кайгысын билдирүү үчүн башка сөз таба алышпайбы ким билсин.

Бирок албетте, плагиат бизде эч кандай деле нааразычылык жаратпайт. Үч көгөй бар, мына ушуга кеңири көңүл бөлүү керек. Алар тууралуу «Апрель» телеканалына берген маегинде телеканалдын ээси эсибизге салып кетти.

Биринчи көйгөй: Президент тандоо жагынан Кыргызстанга ийгилик жылмайбай келет, бары жаңылууда. Туура эмес кишини тандап алышат, тура эмес кишини колдоп алышат. Өздөрү менен бир кабатта отурган премьерлердин кандай экенин айлап, жада калса жылдап билбеген кандай президенттер? Отунбаева гана 31-августтан кийин унчукпай коюп акылдуулук кылды. Балким, ал мурдагы партиялашы боюнча күнөөнү сезип жаткандыр, бирок ал бул катанын алдын ала алат беле ким билет.

Экинчи көйгөй: Коррупциянын 7-кабатка чейин жетиши (өз учурунда үчөө тең отурушкан), өлкө экономикасынын кыйрашы, жаркын келечекке болгон үмүттүн үзүлүшү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын гүлдөп өсүүсү, соттордун көз карандысыздыгынын жоктугу… президенттер буларды эмес, бул же тигил адамды колдоп өз тактыларына алып келип койгонун ката дешет экен. Ал эми өздөрүнүн эң башкы катасын бир дагы президент мойнуна ала элек. Кыргызстандын «катасы» экенин эч ким аңдагысы келген жок.

Үчүнчү көйгөй: Атамбаевдин абалы бир аз айырмаланып турат–биринчи экөө «татыксыз» адамдарды кызматынан жогорулатып, аларды кайра ошол эле адамдар кууп чыкса, Атамбаев болсо «татыксыздарды» башкаларды кызматынан алуу менен жогорку кызматтарга жайгаштырып, «Ак Жол» өткөрмө пунктунда болгон окуядагыдай миңдеген жарандарды кыйноого дуушар кылды. Тагдырга өчөшүп, Кыргызстандын эллине жана (Казакстандын президентине) өчөшүп…

Ал мурдагы досунун арты менен өлкөнү башкара берүүнү ойлогонун баардык эле мекендештер түшүнүп турат. Мындай каалоосу үчүн ал кечирим сурай элек. Балким кезектеги маегинде үн катар. Азырынча ал түштүктөн чыккан адамды креслого отургузуу каалоосун жанында башка эч ким болбогону менен түшүндүрүп, өкүнүчтө жүрөт…

Жогорудагыларды эске алуу менен биздин президенттер каталарын мойнуна алганды үйрөнө элек деген чечим чыгарсак болот. Себеби мурдагы президенттердин баарынын жүрөгүндө уялуу эмес, таарыныч бар экени сезилип турат. Бул болсо башка категориядагы көрүнүш.

Булак: Элгезит

Аргумент.kg
Жооп калтыруу