Эң пайдалуу уйкунун убагы кайсы?

Уйкунун эң пайдалуу учурун окумуштуулар аныкташты. Баарыбызга белгилүу болгондой уйкунун толук канбашы ар кандай ооруларга алып келет экен. Европа коомчулугунун кордиология боюнча адистери: “Уйкунун кайсы учуру пайдалуу экендигин”,- изилдеп келишет. Тагыраак айтканда анын жүрөк- кан тамыр оорусуна тийгизген таасирин аныкташкан. Бул изилдөө үчүн эки группага адамдарды алышкан. Алардын бири 6-9 саат уктагандар. Экинчиси болсо алты саатка жетпей уктап, уйкусу канбай калгандар.

Изилдөөнүн жыйынтыгында алты саат уктап, уйкусун жакшы кандырбагандардын 11 пайызында жүрөк-кан тамыр оорусунун белгилери катталган. Ошондой эле тогуз сааттан ашык уктагандардын 33 пайызында жүрөк оорусунун белгилери катталган.

Муну менен бирге жакында Упсалы университетинин окумуштуулары узак убакыт уктаган адамдарда кант диабет оорусу менен бирге семирүү катталгандыгын айтып чыгышкан.

Жыйынтыгында 6-9 саат уктоо организмге эң пайдалуу убак экен. Аны биз ар дайым туура аткарсак ден-соолугубуз чың болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу