Эң көп сатылган автоунаалар аталды

Жакшы өттү деген ондукка Volkswagen Tiguan, Volkswagen Polo, Honda CR-V, Toyota Camry ана Chevrolet Silverado автокөлүктөрү кирген.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча дүйнөдө эң көп сатылган автоунаа Toyota Corolla болгону маалымдалды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Дүйнө жүзү боюнча алты айда аталган үлгүдөгү 611 миң автокөлүк сатылган. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч өзгөргөн эмес.

Экинчи орунга Ford F-Series автоунаасы чыккан. Жарым жылда 537и машина сатылып, былтыркыга караганда үч пайызга көп соодаланганы аныкталган. Үчүнчү орунда Volkswagen Golf турат экен. Аны 442 киши алган. Бештикке Honda Civic (425) менен Toyota RAV4 (409) чыккан.

Жакшы өттү деген ондукка Volkswagen Tiguan, Volkswagen Polo, Honda CR-V, Toyota Camry ана Chevrolet Silverado автокөлүктөрү кирген.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу