Эң кымбат калем 1,9 миллион евро турат

Германияда зер буюмдары, калем жана сааттарды чыгарган «Мontblanc» компаниясы 1,9 миллион евролук дүйнөдөгү эң кымбат саат чыгарды.

Баалуу буюмду Гамбург шаарында жайгашкан таанымал ишкананын жетекчиси Николас Барецки тааныштырды.

Пекинде өткөн иш-чарада үч калем тааныштырылган болсо, алардын биринин баасы 1 миллион 900 миң евро. Теңдеши жок калемге үч ажыдаардын элеси түшүрүлгөн. Ошондой эле алты бурчтуу алмаз, жакуу жана бир сапфир чөгөрүлгөн.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу