Эң бышык автоунаалардын тизмеси жарыяланды

Адистер эң коопсуз деп төрт унааны атады.

Америкалык Consumer Reports журналынын эксперттери дүйнөдөгү эң бышык автоунаалардын рейтингин түздү.

Изилдөөнүн алкагында адистер жарым миллионго жакын айдоочуну сурамжылаган. Натыйжада азиялыктар Lexus, Toyota, Mazda, Subaru жана түштүк кореялык Kia унааларына артыкчылык берери белгилүү болгон. Ал эми Европанын рыногу Audi, BMW, Mini Cooper (BMW брендине кирет), Porsche жана Volkswagen автолорун жактырары аныкталган. Америкалыктар болсо Ford, Buick, Lincoln, Dodge жана Jeep үлгүсүндөгү машиналарды тандашкан.

Адистер ошондой эле эң коопсуз деген унаалардын да рейтингин түздү. Алар: Lexus GX, Toyota Prius C, Mazda MX-5 Miata жана Subaru Crosstrek.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу