Эң биринчи маникюр Клеопатрадан башталганбы?

Сиз атактуу Клеопатра ханышанын маникюру менен тырмак күтүмүн ойлоп тапканын билесизби?

“hochu.ua” сайтынын маалыматы боюнча, тырмак күтүмү менен боёп алуу Клеопатранын доорунунан башталат.

Клеопатранын убагында таза жана күтүлгөн тырмактар адамдын бай, дөөлөттү экенин кабар берип турган экен. Египетте майрам күндөрү тырмакты кызыл, жашыл жана кара түс менен боёп алуу модалуу болгон. Дагы бир даректе ал убакта маникюрга арналган куралдарга алтын кошуп даярдашкан дешет.

Бул өлкөнүн кулдары да тырмактарын боёго укуктуу болушкан дешет. Бирок ачык эмес, билинбеген түстөргө гана уруксат берилген.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу