Эңсегенибиз эмне? Атакпы же акчабы?

Бир кезде эл арасында абдан белгилүү болгон ыраматылык Байдылда Сарногоев агабыз «Уйкашы менен арсылдайт, Ити да ырчы кыргыздын»,- деп жазган экен. Анын сыңарындай кыргызда эмне көп? Ырчы көп. Анын үстүнө азыркы учурда санариптик ТВ көбөйбөдүбү. Убактысынын көпчүлүгүн ыр менен толтурат.

Анан да санап көрөлү. Деги бу кыргызда канча ырчы бар? Айрым билармандар эфирге жана сахнага чыгып жүргөндөрдүн саны 3000ден ашат дешет. Калпы чынын ким билиптир. Санап көргөн эч ким жок. Эмнеге эле жаштар өзгөчө кыздары үнү болсо болбосо деле ырчылыкка умтулушат? Көрсө эки нерсе бар тура. Биринчиси-атак, экинчиси-акча.

Ошол миңдеп кеткен ырчыларын басымдуу көпчүлүгү 40ка чейинкилер экен. Ошолордун арасынан 10 мыкты ырчыны атын атай алабызбы? «Музыканы түшүнөт» дегендерден суроо салып көрдүк. Ырларын угуздук. Жийдеш Идирисова, Аяна Касымова, Айжамал Кабылованы кыз келиндерден атаса жигиттерди кичине көбүрөк аташты. Алар: Мирбек Атабеков, Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыковдорду аташты. Анан үндөрү жок болсо да шоуда жылдыз боло алган бир тобун санап өтүштү. Асель Кадырбекова, айтылуу Анжелика Бекболиева,  Айар, Жоодарбешим, Аваз Акимов, Айдана Дека, Айя Садырова, Чолпон Талипбекова, Кундуз Канатбек кызы, Азалия Дүйшеналива  жана башкалар.

Бирок, булардын бир нерсеси бар экен. Өтө таланттуу үн-сүн  жок болсо дагы, шоу-бизнестин катаал мыйзамдарын өздөштүрүп алышкан. Өзгөчө жаштарга жакчу ыргактарды тандай билишет. Публикага жаккандай кийине боего да билишет . Ар кандай кароо-сынактарга (тем более международным). Мейли, булар гоо  сахнаны ээлеп жүргөндөр. Ал эми сахнаны бери жакка кой тойлордо гана ырдаган ырчы сөрөйлөр бар. Андайлар ар бир айылда бар эмеспи. Санай берсең сан жетпейт.

Тойго деле бара берсин «чакырганда барбаган ымдаганга зар болот» болбой. Шоуга аралашам десе музыкалык билим алып, жаңы сапаттуу ырларды жаздырып, чыгармачылык кече уюштуруп да кичине алектенсин да. «Той, той, той» деп жүрө бербей.

Эми мунун  баарын айтканыбыздын себеби, «таланттуулар гана ырдаса» деген  гана тилек да. Сандан сапатка өтчү убак келбедиби.

Элнур Элдиярова

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу