Ээси келсе бээсин береби?

Президенттике талапкердин биринин тегерегинде ызы-чуу чыкчу өңдөнүп калды. Бир кездеги ишкер болуп өз атындагы арак чыгарган, андан кийин орус драмтеатрын дагы жетектеген Борис Воробьев маалымат жыйынын өткөрүп жиберди. Анын айтканына ишенсек, ал башына мүшкүл түшүп түрмөдө олтурган кезинде Воробьев ээлик кылып турган “Азамат” деп аталган унаа базарын башкалар  зордук менен тартып алган имиш. Воробьев ошол жыйында жерди кантип бөлүштүрүп алгандыгы жөнүндө документтер бар экендигин айтты. Андан да орчундуусу 2002-жылы Арбитраждык сот унаа базарды сатуу боюнча келишимди жокко чыгарып, мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү жөнүндө чечим чыккан экен. Анан ал Сокулук райондук мамлекеттик катто бөлүмүнө документтерин тапшырган экен. Воробьев аягында унаа базардын азыркы ээси Өмүрбек Бабановго өз менчигин кайтарып берүүсүн сунуш кылды. Эгерде бир жуманын ичинде андан жооп болбосо сотко арыз менен кайрыларын жанытып өттү. Өмүрбек мырза мындай маалыматка эмне деп жооп кайтараар экен?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу