«Эшек бизнеси» менен атын булгап, акыры өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон экс-чиновник Юруслан Тойчубеков менен Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов ушул күндөрү Түркиянын борбору Анкарада күн кечирип жүрүшкөнүнөн кабардар болдук. Юруслан Тойчубеков Кыргызстандан куулар замат алгач Россияга баш калкаласа, Мелис Мырзакматов Үрүмчүгө жан бакканга ашыгышкан экен, бирок, орус бийлиги менен Кытай тарап экөөнө «силердин биздин өлкөдө жүргөнүңөрдү кыргыз бийлиги жактырбай жатат» таризинде «бурк» этишсе, экөө акыры Анкарадан түнөк табышканын кыргызстандык мекендештерибизге айтып, «буктарын төгүп» алгандары каңкууланды. Мырзакматовго азырынча сөз жок, а берки Тойчубеков карыган доорунда шүк жүрсө, мекенинен куулбай, неберелеринин кашында жүрөт эле да. Элге шарият тыюу салган эшектин этин жегизген пендеге кандай сөз айтууга болот? Азырынча коомчулук баасын бере турсун.
Булак: Азия Ньюс