Эшек бизнесинин артында ким турат?

Эки-үч жылдан бери эшек бизнеси өркүндөдү. “Эшектин эти арам, күчү адал” дешет. Бирок айрым акмактар ошол арам деген эшек этин тамак-ашка да колдонуп, бир топ ызы-чуу болдук. Мына кечээ жакында Ош облусунун Шарк айылдык округуна жакын Фуркат базарынын жанынан үч жүк ташуучу унаада 200ге жакын тирүү, 15-20 өлгөн эшек тууралуу жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан. Укук коргоо органдары келип бул эшектер кимге таандык экенин аныкташканда, Калматов Урайим Абдакимович аттуу жаран жетекчилик кылган “Элком групп и КО” аттуу ЖЧКга таандык болуп чыгат. Бул компания Кытай тарапка 2000 эшек чыгарганга уруксат кагазы бар экендиги, 15-апрелде эле чыгармак болгондугу, бирок Кытай тарап киргизбей койгондугу белгилүү болду. Бул бир эле мисал. Былтыркы жылы Кытай тарапка 5812 баш эшек чыгарылганы, алар Кыргызстандан 200-300 доллардан эле сатылып алынып, Кытайга өтөөрү менен 800 доллардан пулданып, алып баргандар аябагандай акчага туйтунганы айтылып келет. Мына ушул бизнести ким көзөмөлдөп, ким калкалайт? Айрым маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров менен Ветеринария департаментинин директору Калыс Жумакановдун аты аталып жүрөт.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу