Эшектин этинен даярдалган колбасалар боюнча чуу чыкты

Өзбекстандын борбору Ташкентте колбаса продукцияларын өндүрүүчү, колбасаларды уйдун эти деп, бирок эшектикинен даярдаган деп шектелип жатат.

Буга байланыштуу колбаса цехинин кызматкерлери менен тапшыруучуларга карата кылмыш иш козголду. 8-ноябрда рейддин жүрүшүндө 275 кг эт экспертиза үчүн алынган болчу. Бирок анын жыйынтыгы али белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу маалымдады.

Колбаса өндүрүү үчүн эшектин эти алынып келгени боюнча жеткирүүчү өзү билдирген.

Ал, «Шаршара» эт жарым фабрикаттарын өндүрүү боюнча цехтерге, килограммы 13 миӊ сумду түзгөн эшетин этин үзгүлтүксүз жеткирип турганын белгилеген.

Бирок ишкана ээси, колбаса бир гана уй этинен даярдалганын ырастап жатат.

Раидодон билдиришкендей, өзбекстандыктардын арасында буга чейин деле «республиканын түрдүү областтарындагы көптөгөн коомдук тамактануучу жайларда тамакка, колбасага эшектин эти кошулган» деген имиштер айтылып келген. Бирок маморгандар бул темага эч качан түшүндүрмө беришкен эмес.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу