НАРИМАН БУГА ЧЕЙИН БЕРИП КЕЛГЕН «ДОЛЯСЫН» ТОКТОТУП КОЙГОНБУ

Сот тарабынан Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлктөрүн конфискацияланганын коомчулук жакшы билет. Бирок «акчаң болсо калтаңда, каалагандай талтаңда» деп казак боордоштор айткандай, Нариман мырза жаза мөөнөтүн өтөп, аягына чыкпастан айып пул төлөп эркиндикке чыккан. Үй-мүлктөрү конфискация болуп мамлекетке алынбай, пайдасын 3 жылдан бери өзү көрүп келген. Эстерине эми түштүбү же Нариман буга чейин берип келген «долясын» токтотуп койгонбу, уктап жаткан мамлекеттик органдар ойгонуп, Түлеевдин «Караван» соода борборун, «Сапатком» бизнес борборун мамлекеттин карамагына алышты. Нариман болсо, «силердиби шашпа» деп кекенип турган кези.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу