Эх, кайран журналисттер мыйзам жашабаган заманга кор болушту го

Акыркы мезгилде, айрыкча ушул бийликтин тушунда журналисттерди коркутуп- үркүтүүлөр, уруп-сабап кетүү көнүмүш адатка айланууда. Баарынан да ошол зомбулукка кабылган кесиптештерибиз бийликти сындап, ачуу чындыкты айткан эркин басылмалардын кызматкерлери экендиги өкүнүчтүү.

Өткөндө белгилүү журналист Э.Кыязовду түндөсү белгисиз зөөкүрлөр үйүнө барып, “Кайда жашаганыңды, кимдин суусун ичип атканыңды билип жүр” деп жулкулдатып кетишкен.

“Кыдыр санжырасы” деген китеп жазган дагы бир кесиптешибиз Зулпукар Сапанов күчөтүлгөн режимде төрт жылга соттолуп кетти.

Ал эми өткөн жумада “Каганат” сайтынын редакциясына топ балдар келип, журналисттерди көчөгө чыкпай каласың деп коркутуп кетишти.

Көрсө, “INTER.KG” сайтынын жетекчиси Бакыт Молдалиев борбор шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан ашканалардын биринен тамактанып, официант кызга орусча түшүнбөсүн айтып кыргызча кайрылышын суранган экен. Ал эми официант кыз журналист орусча билбесе анда 10 пайыз үстөгү менен төлөөнү талап кылган. Бул окуяга ачууланган Б.Молдалиев аталган сайтка жардам сурап кайрылган.

Ашканын жетекчилери окуянын чоо жайын камерага тартып алган журналистке “эртең көчөгө чыкпай” каларын эскертип, “редакцияны талкалап кетебиз”- деп чамынып барышып, эртеси күнү да коркутушкан.

Бул окуя бизде эч кандай мыйзам жоктугун жана зөөкүрлөр менен бандиттердин өлкөсү болуп калгандыгыбыздын белгиси эмеспи?

Булак: “Майдан. kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу