Этиканы билбеген алкы бузук Айтмамат Кадырбаев.

«Ормон опузаны» жакшы көргөн, бирок кыйратып иш кылбаган Ош шаарынын мери Айтмамат Кадырбаев деген бар. Ырысы тоодой экен, экинчи борбор саналган эң маанилүү шаардын мери болуп олтурат.

Жакында эле Каракол шаарынын мери баш болгон делегация тажрыйба алмашуу деген жүйөө менен Ошко барышты.

Кайран Айтмамат кол алдындагы кызматкерлерди тосуп алгандай тосуп алды. Болбосо статусу бир. Экөө тең мер. Өзү кабинетинин төрүнө олтуруп алып, Караколдон барган делагацияга аябай акылдуусунду. Кызматтык этика, кесиптешти сыйлоо деген түшүнүк караманча жок экен.

Кыскасы, таза кокуй неме экен.  Интеллектуалдык деңгээлди мындай кой, жөнөкөй эле сый-урматты билбей, төбөдөн караган текеберлиги кызмтына шайкеш келбеген дараметин далилдеди.

Буга дейре Кадырбаев, шаарга көп кабаттуу үйдөн квартира алмайын уруксат бербей турган алкы бузуктугу социалдык тармакта талкууга алынды эле.

Мэрдин кылык -жоругунан кийин мындай кептер жөн жеринен чыкпаса керек деп калдык.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу