Эс- тутумуңузду төмөнкү эрежелер менен жакшыртыңыз

Адамдын эс-тутуму табияттын укмуштуудай табылгасы. Эгер ал болбосо, биз бири-бирибизди тааный алмак эмеспиз. Ал гана эмес, өткөндөрдү эстей албай, жалаӊ жаӊы күн менен жашамакпыз. Бирок эс-тутумдун начарлап кетүүсү да белгилүү. Буга эмне себепкер жана аны кантип калыпка келтирүүгө болот?

МЭЭНИ АКТИВДҮҮ ИШТЕТПЕСЕ, ЭС-ТУТУМ БУЗУЛАТ

Мээ – башка органдарыбыз сыяктуу эле биздин кам көрүүбүзгө, активдүү абалда кармообузга муктаж. Эс-тутуму начар дегенде эле улгайган адамдарды ойлойбуз. Буга да канчалык бир деӊгээлде негиз бар. Анткени алардын кээ бирлери буга чейин билгендерине топук кылып, ошолорду унутпай жүрсөм болду деп ойлошот. Турмуштук маселелер менен алаксып, жаӊы нерселерди билүүгө умтулушпайт. Эгер жаӊы нерсеге кызыкпаса, демек, мээнин иштеп туруусуна түрткү берген нерсе жок. Башкача айтканда, адам эс-тутумун өнүктүрүүнү токтотот. Иштебеген нерсе акырындан дат басып, керектен чыга берген сыяктуу эс-тутум да бузула баштайт. Бул процессти дарыгерлер барактагы жазуунун сыясынын өчүп баратканына салыштырышат. Мээ булчуӊдарга окшош. Аны канчалык машыктырсаӊ, ошончолук жакшы иштейт. Мээни канчалык активдүү кармасаӊ, эс-тутум да, көӊүл буруу да ошончолук жакшырат. Ошондой эле карыганда алжып калбайсыӊ. Адамдын эс-тутумунун орточо сыйымдуулугу 1000 терабайт (1 терабайтта 1024 гигабайт бар). Салыштырып көрсөк, Улуу Британиянын Улуттук архиви 70 терабайтты түзөт.

КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ ЖОЛДОРУ КАЙСЫЛАР?

  • Сканворд, кроссворд чечиӊиз.
  • Энциклопедияларды колдонуп, өзүӊүз да түзүүгө аракет кылыӊыз. Бул мурунку билгендериӊизди эске салып, жаӊыларды өздөштүрүүӊүзгө кошумча болот.
  • Жаӊылмачтарды, ырларды жаттаӊыз, оозеки эсептеӊиз. Бир нерселерди эсептөөдө калькуляторду колго албай, оозеки кошуӊуз, кемитиӊиз. Көбөйтүү таблицасын эсиӊизге алып, көбөйтүп көрүӊүз.
  • Шахмат, спорттук оюндар акыл-эсти өстүрүп, эс-тутумду бекемдөөчүлөргө кирет.
  • Окуӊуз, чет тилдерди үйрөнүӊүз. Айрыкча саякат, детектив жана илимий китептер, чет тилдери акыл-эс кампасын кеӊейтип гана тим болбостон, мээни жаӊы билимдерди өздөштүрүүгө аргасыз кылат.
  • Жазыӊыз. Окумуштуулар жазуу менен эс-тутумдун мыкты байланышы бар экенин айтышат. Жаӊы маалыматты уккан соӊ ал маалыматтын үстүндө ойлонуп, анан кагазга түшүрүӊүз. Бул керектүү нерсени эсте сактап калууга машыктырат.
  • Кайталаӊыз. «Кайталоо – окуунун энеси» делет. Анын сыӊарындай, окуган китебиӊиздин, көргөн киноӊуздун мазмунун досуӊузга айтып бериӊиз. Болгондо да майда-чүйдөсүнө чейин эсиӊизге түшүрүп, каармандардын эмоциясынан бери жеткире айтып берүүгө аракет кылыӊыз. Же болбосо бир текстти окуп, анан аны жаап, мазмунун толук эстеп айтууга тырышыӊыз. 20 мүнөттөн, анан 8-9 сааттан, андан кийин 24 сааттан соӊ кайталап көрүӊүз. Муну менен эс-тутумуӊуздун канчалык деӊгээлде экенин текшерип да, өстүрө да баштайсыз.
  • Сүрөт тартыӊыз. Адамдын мээси оӊ жана сол жарым шарлардан турат. Эс-тутум жакшы болуусу үчүн экөөнү теӊ иштетүүгө мажбурлаӊыз. Бир учурда эки колуӊуз менен эки башка сүрөт тартыӊыз. Мисалы, оӊ колуӊуз менен айлананы, сол колуӊуз менен түз сызыкты. Анан муну тескерисинче жасаӊыз. Оӊ колу менен жазчулар сол колу менен да жазып, машыгуулары зарыл.
  • Стресстен качып, суусундукту көбүрөөк ичиӊиз. Мээнин 80 пайызы суудан тургандыктан, суюктук керектүү өлчөмдө барбаса, мээ начар иштээрин эске алыӊыз. Андыктан күнүгө 2 литрдей суу ичиӊиз.
  • Уктаӊыз. Күнүгө 8 сааттан уктабасаӊыз, мээ керектүү деӊгээлде эс албайт. Демек, эс-тутумдун билинбей начарлашына жол ачылат. Уктаарда эртеден кечке кылган нерсеӊиздин бирин калтырбай эстөөгө тырышыӊыз.
  • Йога менен машыгып, көнүгүүлөрдү жасап, бийлеп, көӊүлдүү жүрүңүз. Дарылык массаж жана эфир майларынан (розмарин, лаванда) 1-2 тамчы желкеге сүйкөп коюу да эӊ жакшы таасир этет.
  • Эрктүү болуӊуз. «Каалабайм» дегендин ордун «керек» деген сөз менен алмаштырыӊыз. Оор жумуштан баштап «анан жасайм» дегендериӊизди биринчи бүтүрүӊүз.
  • Бир түрдүү, кызыксыз жашоодон качыӊыз. Жаӊы сезимдер, жаӊы тааныштар, жаӊы маалыматтарды кабыл алууга мээни аргасыз кылыӊыз.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу